Esta Cobardía [Kyrgyz translation]
Esta Cobardía [Kyrgyz translation]
Ал байкап да койбойт менин аны караганымда
Өзүмдү билдирбеш үчүн демимди да тартып каларымды,
Аны көрөр замат унчукпаган суйүүм жанып
Ага ээ болушка өмүрүмдү береримди.
Ал байкабайт көздөрүмдүн нурданып кетишин да,
Жанында калтырап, кызарып кетишимди,
Менин сүйүүмдүн ойгонушуна ал себеп экенин,
Ал үчүн акылыман ажырап баратканымды да сезип да койбойт.
Ага болгон сүйүүмдүн коркоктугу
Аны жылдызга теңетип корсөтөт –
Бул көр дүйнөдөн өтө алыс, өтө алыс,
Ага жетүүгө менде түбөлүк бир үмүтүм жок.(2х).
Ал сезип да койбойт миндеген өбүшүмдү
Мен сурабаса да жиберген,
Менин уйкудан ажыраган капалуу түндөрүмдө
Жөөлүгөн делебемде аны ээси болгонумду
Ал сезип да койбойт аны алганымды,
Чында ээлебесем да меники болгонун,
Дал анын суук жаны мени кыйнатканын.
Менин өлүп баратканымды көрүп туруп сезбейт.
Ага болгон сүйүүмдүн коркоктугу
Аны жылдызга теңетип корсөтөт –
Бул көр дүйнөдөн өтө алыс, өтө алыс,
Ага жетүүгө менде түбөлүк бир үмүтүм жок.(3х).
- Artist:Julio Iglesias
- Album:Libra (1985)