L'italiano [Kyrgyz translation]
L'italiano [Kyrgyz translation]
Уруксат бергиле ырдайын
Колумдагы гитара менен.
Уруксат бергиле ырдайын –
Мен италианмын.
Таң кут болсун Италия, спагетти аль денте,
Жана президент болгон партизан.
Авторадиосу оң колунда,
Жана канарейка терезесинде.
Салам Италия, артисттериң менен
Постерлерде жайнаган Америка менен
Ашыктык ырларың менен
Жүрөгүң менен
Көбөйгөн аял, азайган монашкаларың менен
Салам Италия,
Салам Мария
Муңга көзү толгон.
Салам Кудай таала,
мен да биердемди билесиң.
Уруксат бергиле ырдайын
Колумдагы гитара менен.
Уруксат бергиле ырдайын
Жайма-жай бир ырды.
Уруксат бергиле ырдайын
Анткени сыймыктанамын –
Мен италианмын,
Накта италиан.
Таң кут болсун, коркпогон Италия.
Сакал кырганга жалбыз кремиң менен,
Ичке жол-жолдуу костюмуң менен,
Жекшембидеги теледеги мовиоларың менен.
Таң кут болсун, Италия, ристретто кофең менен,
Биринчи тартмадагы жаңы байпагың менен,
Химчисткадагы байрактарың менен
Жана ремонттогу 600-Фиатың менен.
Салам Италия,
Салам Мария
Муңга көзү толгон.
Салам Кудай таала,
мен да биердемди билесиң.
Уруксат бергиле ырдайын
Колумдагы гитара менен.
Уруксат бергиле ырдайын
Жайма-жай бир ырды.
Уруксат бергиле ырдайын
Анткени сыймыктанамын –
Мен италианмын,
Анык италиан.
- Artist:Toto Cutugno
- Album:L'Italiano (1983)