La camisa negra [Kyrgyz translation]

Songs   2024-09-18 22:00:17

La camisa negra [Kyrgyz translation]

Мен кара көйнөкчөнмүн

Анткени махабатым аза күтүүдө.

Азыр жанымда ооруган сезим бар

Сенин кара дубаңан улам.

Эми мени сүйбөсүңдү билдим,

Дал ушул жанымды өтө оорутканы,

Ошондуктан кара көйнөгүм

Жана жанымды жеген уялуум бар.

Жалгыз калганым жамандай көрүнөт

Жана сенин калпың даана болду.

Не балекет болду мага

Сени жоолуккан күнүм.

Сенин сүйүүңдүн мээримсиз ачуу уусун ичүү үчүн.

Сыздоого толо өлүмгө ташталдым.

Сенин «кош»уңдун ачуу түтүнүн жуттум

Жана сен кеткенден кийин менде жалаң гана

Кара көйнөгүм бар

Анткени жаным кара.

Сен үчүн тынчымды жоготтум да

Турган үй-жайымды жогото жаздадым.

Cama cama come on baby

Сага тымызын айтайын

Кара көйнөгүмдүн

Ичинде менин өлүгүмдүн барын.

Кара көйнөгүм бар,

Эми сенин сүйүүң мени кызыктырбайт.

Кечээ күнү мага укмуш көрүнгөнү

Бүгүн анык ***1 экениң билинди.

Шаршембиде түштөн кийин келбедиң

Бир белги да көрсөтпөй.

Ошондуктан кара көйнөкчөнмүн

Да чамадандарың каалгада.

Эми уят го жалгыз болушум

Сенин эле калпыңан улам

Жана менин кудай урган жолумдан

Сага учураган күндөн баштап.

Сенин сүйүүңдүн кара уусун жутуп

Өлүмгө жакындап кайгыга толдум

Сенин кош дегениңдин ачуу түтүнүңүн жутуп.

Кеткениңден бери менде болгону…

Кара көйнөгүм бар

Жанымдагы караңгыга жарашкан.

Сен үчүн тынчыман такыр калып

Жатар жеримен да ажырап кала жаздадым.

Cama cama come on baby2

Сага тымызын айтайын –

Кара көйнөгүм бар

Ичинде менин сөөгүм (өлүгүм).

Кара көйнөгүм бар

Жанымдагы караңгыга жарашкан.

Сен үчүн тынчыман такыр калып

Жатар жеримен да ажырап кала жаздадым.

Cama cama come on baby

Сага тымызын айтайын –

Кара көйнөгүм бар

Ичинде менин сөөгүм.

1. Ырдын көмүскөдөгү маанилерин казууну каалагандар https://lyricstranslate.com/en/la-camisa-negra-black-shirt.html-1 карагыла2. Испанча cama - бөлмө, жатар жер, англисче come on го өтүп кетет биякта

  • Artist:Juanes
  • Album:Mi sangre
Juanes more
  • country:Colombia
  • Languages:Spanish, English
  • Genre:Cumbia, Latino, Pop, Singer-songwriter
  • Official site:http://www.juanes.net/
  • Wiki:https://en.wikipedia.org/wiki/Juanes
Juanes Lyrics more
Juanes Featuring Lyrics more
Juanes Also Performed Pyrics more
Excellent Songs recommendation
Popular Songs
Artists
Songs