Suona chitarra [Kyrgyz translation]
Suona chitarra [Kyrgyz translation]
Ойно, гитара,
сен менин көп ашыглык түндөрүмө
шерик болуп бердиң.
Ойно, гитара,
мени менен көп кол чабуу менен
жүрөккө сайылган тикен бөлүшкөн.
Сени өтө жакшы көрөм
ар бир сезимимди
жагымдуу жеткиргениңе
жана күлкү-ый ортосунда ырдалган
ырларды коштоп бергениңе.
о, менин гитарам…
Ойно гитара ардагыма
махабат сөздөрүн
айтып атканымда.
Ойно гитара
түн күзөтүп
досторум менен болгонумда.
Сени аябай жакшы көрөм
ар бир сезимимди
жагымдуу жеткиргениңе
же шамалдан күчтүү
оркестрдей болуп каларыңа,
о, менин гитарам…
Сени абдан жакшы көрөм,
анткени мени угам деп
демин тыйып тыңшаган элде
ырдаган кечелеримди эске саласың.
Ал экөөбүз кумарлангандай
көрүнчү эле.
Сени укмуштай жек көрөм
манжаларымдын алдында
такыр дирилдебей калган учурларыңда,
жанымдан чыкпай
мени ызалатып,
о менин гитарам…
- Artist:Carmelo Zappulla