Булуттар [Transliteration]

Songs   2024-10-05 06:26:24

Булуттар [Transliteration]

Байлык үчүн бул дүйнөгө келбегем,

Бакыт издеп Ала-Тоону жердегем.

Ардагымды жолдон кантип жоготтум?

Арманымды агызамын жел менен.

Бөпөлөгөн махабатым өлбөстөй,

Көкөлөгөм кайгы-муңга көнбөстөй.

Көл булуттар, мен силердей буулугуп,

Көз жашымды төгөм, бирок көргөзбөйм.

Булуттар, булуттар,

Жандап өтпөй, жалгыздыкты унуткар,

Жанды жууп сал жамгырыңа, булуттар.

Күзгө жетпей саргаябы гүл өңүм?

Күүгө келбей, күтөт кимди жүрөгүм?

Мендей бирөө жалгыздыгын жашырбай,

Мээрим издеп жүргөндүгүн билемин.

Уялаган жан дүйнөмдүн боштугун,

Убайымдуу ойлор, кош бол, кошкунуң.

Учкум келет жаз чакырган дүйнөгө,

Уккум келбейт канатымдын жоктугун.

Булуттар, булуттар,

Жандап өтпөй, жалгыздыкты унуткар,

Жанды жууп сал жамгырыңа, булуттар.

Өзөгүнөн жанып турган тоо сымал,

Өмүр өчпөйт, чагылгандай оту бар.

Көңүл көчөт жамгыры көп жактарга,

Көл булуттар, катарыңа кошуп ал.

Бактым кайда, жер кезейин жел менен,

Бактым кайда, кезикпейбиз эмнеге?

Бактым кайда, баратамын тосуп ал,

Байлык үчүн бул дүйнөгө келбегем

Булуттар, булуттар,

Жандап өтпөй, жалгыздыкты унуткар,

Жанды жууп сал жамгырыңа, булуттар.

Gulnur Satılganova more
  • country:Kyrgyzstan
  • Languages:Kyrgyz, Russian
  • Genre:Folk, Pop, Pop-Folk, Opera
  • Official site:
  • Wiki:
Gulnur Satılganova Lyrics more
Excellent Songs recommendation
Popular Songs
Artists
Songs