Кони привередливые [Koni priveredlivye] [Kyrgyz translation]

Songs   2024-05-09 06:56:10

Кони привередливые [Koni priveredlivye] [Kyrgyz translation]

Жарды бойлоп, туңгуюктун үстүндө, дал кыры менен

Аттарымды камчы менен чабам – айдактаймын,–

Негедир аба жетпейт – шамал ичем, туман жутамын,

Ажалдуу кубаныч менен сезип атам – өлмөй болдум!

Өлүп баратамын!

Жайыраак, аттар, саал жайыраак!

Катуу камчыга баш ийбегиле!

Бирок негедир кежир аттар туш келиптир маган,–

Жашоонун аягына жетишпедим, ырдоонун да аягына жетишпейм го.

Мен аттарды сугарам,

Куплеттин аягына чыгам –

Бираз болсо да

кырда туруп алам!

Мен жоголом, мени бороон тыбыттай алакандан шыпырат,

Эртең менен чанада мени чапкылап сүйрөп кетишет.

Шашпаган арышка өткүлөчү, аттарым!

Саал болсо да, акыркы баш калкалоо жайга жол узарткылачы!

Жайыраак, аттар, кичине жайыраак!

Камчылар силерге башкаруучу эмес!

Бирок негедир кежир аттар туш келиптир маган,–

Жашоонун аягына жетишпедим, ырдоонун да аягына жетишпейм го.

Мен аттарды сугарам,

Куплеттин аягына чыгам –

Бираз болсо да

кырда туруп алам!

Жетиштик – Кудайга мейманга кечигүү болбойт;

Анан эмне үчүн тиякта перилер ачуу үн менен ырдашат?

Же бул жылаажын өксөп ыйлап атабы?

Же мен аттарга кыйкырып атамбы, чананы мындай ылдам тартпасын деп?

Саал жайыраак, аттар, саал жайыраак!

Жалынам силерге, уча чуркабагылачы!

Бирок негедир кежир аттар туш келиптир маган…

Жашоонун аягына жетишпегенимде, ырдоонун аягына жетишсем экен!

Мен аттарды сугарам,

Куплеттин аягына чыгам –

Бираз болсо да

кырда туруп алам!

Vladimir Vysotsky more
  • country:Russia
  • Languages:Russian, French
  • Genre:Singer-songwriter
  • Official site:http://www.wysotsky.com/
  • Wiki:http://en.wikipedia.org/wiki/Vladimir_Vysotsky
Vladimir Vysotsky Lyrics more
Vladimir Vysotsky Featuring Lyrics more
Vladimir Vysotsky Also Performed Pyrics more
Excellent Songs recommendation
Popular Songs
Artists
Songs